• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарындагы үрөй учурган жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)

6 Бештин айы 20219:40 Бишкек Govori.TV

Нарындагы үрөй учурган жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-декабрь күнү саат 00:22 чамасында Кочкор районунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (Семиз-Бел айылы) «БМВ» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек, 1 аял киши каза болгон (аты-жөндөрү такталууда).

Куткаруучулар эркек кишинин жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине 4 куткаруучу, ИИМ кызматы жана тез жардам кызматы тартылган.

Количество просмотров: 9413