Ат-Башыдан Бишкекти коздөй жөө чуркап келе жаткан Оболбек Осмонбеков Бишкекке жетти. Бул тууралуу Reporter.kg сайты жазды.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылынын 45 жаштагы тургуну 19-июнь күнү саат 8:30да жолго чыккан.
Оболбек Осмонбековду Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон журналисттер жана спорт агенттиги менен РСК банкынын өкүлдөрү белек, кубок, мактоо баракчасы менен тосуп алышкан.