• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Нарындын борбордук аянттын калыбына келтирүү үчүн 19 миллион сомдон ашык каражат сарпталат

30 Теке 201918:14 Бишкек Govori.TV

Нарында Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтты калыбына келтирүү үчүн 19 миллион 735 миң 799 сом коротулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Тапшырыкчы болуп Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы чыгууда. Подрядчик брусчатка төшөөдөн башка жаңы отургучтарды, шам чырактарды орнотушу керек жана жашылдандыруу иштерин колго алат. Мындан сырткары 2 фонтан орнотуп, ага суу түтүктөрүн кошуусу шарт.

Арыздар 20-августка чейин кабыл алынат.

Эске салсак, быйыл Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет.

Количество просмотров: 13