• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нарындын мэри жоопкерчиликке тартылды

17 Жалган куран 2023 15:47 Бишкек Govori.TV

Нарын мэри жана шаардык салык кызматынын башчысы жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облустук прокуратурасы Нарын шаарынын мэрин жана салык кызматынын башчысын Салык кодексинин контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишээрлик деңгээлде жүргүзүшпөгөндүгү үчүн “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 435-беренеси (“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу”) боюнча жоопкерчиликке тартты.

Кошумчалангандай, аларга 10 миң сомдон айып салынды.

Количество просмотров: 6017