• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Нарынга жаңы мэр дайындалды

1 Тогуздун айы 201914:51 Бишкек Govori.TV

Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын жаңы мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу анын социалдык баракчасына жазылды.

Маалым болгондой, ал «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү жана буга чейин Ак-Талаа районунун акими болуп иштеп келген.

Эске салсак, Нурбек Молдокадыровдон тышкары дагы эки талапкер бул орунга ат салышкан эле. Алардын бири Эмилбек Чымылдаков — шаардын мэриясынын алдында муниципалдык менчик башкармалыгын жетектейт. Анын талапкерлигин шаардык кеңештин «Ала Тоо Ынтымагы» фракциясы көрсөткөн жана КСДП фракциясынан Сталбек Мукамбетов талапкерлигин койгон. Ал Нарын шаардык кеңешинин депутаты.

Кошумчалай кетсек, мурунку мэр Эмилбек Алымкулов 6-сентябрда кызматтан кетип, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Ал эми өкмөттүн мурунку өкүлү Аманбай Кайыпов 2-сентябрда контейнер мектептин ачылышынан кийин отставкага кеткен.

Количество просмотров: 30