• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Насирбек Алмаматов изделүүдө

4 Жетинин айы 2019 16:46 Бишкек Govori.TV

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Жогорку сот чыгарган чечимге ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Аны камакка алуу максатында жашаган дарегине барган кызматкерлер ордунан таппагандыктан, ага издөө жарыяланып, кармоо иштери жүрүп жатат,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, буга далил катары атайын видеотасманы да жарыялаган. Райондук сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен Алмаматовду эркиндикке коё берген. Кийинчерээк Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен кайрылган.

Количество просмотров: 268