• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Навальныйды мажбурлап тамактандырууга опузалашууда

13 Чын куран 2021 9:27 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Владимир облусундагы түрмөдө ачкачылык жарыялаган оппозициячы Алексей Навальныйды колониянын администрациясы күч менен тамак берүүгө опузалоодо. Бул тууралуу саясатчынын твиттердеги баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Алексей медициналык бөлүмдөн кайрада отрядга которулду. Кыр аркасы, колу ооруганына карабай, тыштан дарыгер киргизилген жок. Ачкачылык жарыялап баштагандан бери 8, түрмөгө келгенден бери 15 килограммга арыктады.

Навальный 31-мартта тыштан дарыгер киргизүү талабы менен ачкачылык жарыялаган. Колониянын догдурлары анын эки омурткасынан грыжа аныкташкан. Андан мурда Навальный адвокаттары аркылуу аны менен бир камерада отурган 15 адамдын үчөөнөн кургак учук чыкканын билдирген. Оппозиционер өзү да жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, калтырак басып жатканын жарыялаган.

Анын жеке дарыгери, “Дарыгерлер альянсынын” башчысы Анастасия Васильева жана адвокаттары саясатчы тиешелүү деңгээлде медициналык жардам албай жатканын айтышууда.

Кремлди сындаган Навальный былтыр жайында ууландырылып, Германиядан дарыланып, быйыл январда Берлинден Москвага учуп келгенде камакка алынган.

Количество просмотров: 70