• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Назарбаев, Мирзиёев, Си Цзиньпин. Кыргыз элин Нооруз майрамы менен кимдер куттуктады?

21 Жалган куран 2021 16:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-мартта бир нече мамлекеттин жетекчилери Нооруз майрамы менен куттуктоолорун жөнөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери майрамдын мааниси тууралуу эске салып, президент Жапаровдун ишине ийгилик, ал эми кыргыз элине өсүп-өнүгүү каалашты.

Куттуктагандардын арасында Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев жана биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Ирандын президенти Хасан Рухани, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бар.

Количество просмотров: 427