• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы отурган учактын багыты айтылды

5 Үчтүн айы 2022 21:12 Бишкек Govori.TV

Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Назарбаева жана анын жолдошу Тимур Кулибаев отурган учак Кыргызстанга учуп кеткени айтылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып, учактын багытын көрсөткөн сүрөт социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Кийинчерээк учактын багыты өзгөргөнү, ал Бишкекке эмес, Балхашка бара жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, 2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Назарбаев отставкага кетти

Количество просмотров: 12994