• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Рамзан Кадыровдун кызы Чеченстандын вице-премьери болот

3 Тогуздун айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Рамзан Кадыровдун кызы Айшат Чеченстандын вице-премьери болот. Мындай сунушту Чечен парламентинин төрагасы Муслим Хучиев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында көтөрдү. Чечимди Рамзан Кадыров колдоду.

Айшат Кадырова 21 жашында Чеченстандын маданият министринин орун басары болуп иштеп, бир жылдан кийин министрликтин башына келген. Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алып жүрөт. Мындан тышкары «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени, «Адам укуктарын коргогондугу үчүн», «Чечен Республикасына сиңирген эмгеги үчүн» медалы бар. Ошондой эле Чеченстандын эң жогорку сыйлыгы – Кадыров ордени менен сыйланган.

«Албетте, Айшат Кадырова аймактык Маданият министрлигинин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө чоң салым кошуп, олуттуу иш тажрыйба топтоду», — деп жазган Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram-каналында.

Рамзан Кадыровдун ондогон жакындары Чеченстанда белгилүү мамлекеттик кызматтарды аркалашат. 2018-жылы Би-Би-Синин орус кызматы Чеченстандагы 158 ири чиновниктин 30% анын жакындары экенин эсептеп чыккан. «Кавказ.Реалии» басылмасынын редакциясы республиканын мамлекеттик органдарында иштеген Кадыровдун туугандарынын тизмесин топтогон.

Айшат Кадырованын жолдошу Висхан Мацуев быйыл июль айында өкмөттүн вице-премьер-министри жана айыл чарба министри болуп дайындалган.

Количество просмотров: 130