• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Некролог — Шукуров Эмил Жапарович

23 Баш оона 2019 23:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.08.2019. Govori.TV

Кыргызстандын илими орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 23-августунда 82 жашка караган курагында көрүнүктүү окумуштуу-эколог, география илимдеринин доктору, профессор, биология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илиминин эмгек сиңирген ишмери Шукуров Эмил Жапарович дүйнө салды.

Эмил Шукуров 1938-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин «биолог-зоолог» адистиги боюнча бүтүрүп, Москва мамлекеттик университетинин биология-кыртыш таануу факультетинин аспирантурасын аяктаган.

1963-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Микробиология жана гигиена институтунда, Биология институтунда жана Философия институтунда иштеп, кенже илимий кызматкерден тартып, бул илимий мекемелердин жетекчилигине чейинки жолду басып өткөн.

2000-жылдан баштап экологиялык долбоорлордо эмгектенип, Кыргыз Республикасында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча стратегияны жана иш-аракеттер планын иштеп чыккан.

Ал ошондой эле Дүйнөлүк банктын, ПРООНдун, Жаратылышты коргоонун эл аралык союзунун, «Сорос — Кыргызстан» фондусунун жана Кристенсен фондусунун долбоорлорунда үзүрдүү иштеген. Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фондусунун, Жаратылышты коргоонун эл аралык коомунун жана башка уюмдардын кызматкери болгон.

Эмил Шукуров Кыргыз ССРинин атласын түзүүгө катышкан жана дагы 18 картанын редактору болгон. Ал ошондой эле Кыргызстандын зоогеографиялык картасынын автору болуп эсептелет.

Ошондой эле, ал экология, зоогеография, зоология, география, философия, туруктуу өнүгүү, гендердик маселелер, социология боюнча 300дөн ашык басылмалардын автору болот.

Эмил Жапарович Шукуров коомдук уюмдардын ишине активдүү катышкан. Ал «Алейне» аттуу Кыргызстандагы биринчи экологиялык кыймылдын уюштуруучусу болгон. ISAR борбордук экологиялык кеңештин, Борбордук Азиялык региондук экологиялык борборунун байкоочу кеңешинин жана башка коомдук уюмдардын ишине жигердүү катышкан.

2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, 2017-жылдын ноябрында мандатын өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Белгилүү экологдун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, ал «Даңк» медалы менен сыйланган. Ага «Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер», Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамдар ыйгарылган.

Кыргызстандын экологиясын жана илимин өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү коомдук ишмер жана илимпоз Шукуров Эмил Жапаровичтин жаркын элеси замандаштарынын жүрөгүндө ар дайым сакталат.

Анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, К. А. Боронов, А.С. Өмүрбекова, Ж. П. Разаков, З. М. Аскаров, Д. А. Эсеналиев, С. А. Кылжыев, А. К. Жаманкулов, Г. К. Кудайбердиева, К. С. Чолпонбаев, У. Т. Кочкоров, Э. У. Чодуев, А. Э. Суракматов, М. С. Жуматаев, Ж. Б. Абиров, А. Т. Эркебаев.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыяраты 25-август күнү саат 10.00дө Бишкек шаарынын Ж. Абдрахманов атындагы көчөсүндөгү № 137-үйдө (Токтогул атындагы көчө менен кесилишет) өтөт. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Количество просмотров: 53