Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесине мөөр басылып турган Next TV телеканалынын иши каралмак.
Саат 16:00гө белгиленген соттук процесс баштала элек. Отурум дээрлик бир саатка кечигип жатат.
Белгилей кетсек, 3-мартта УКМК Next TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев менен эфирдик инженери Таалай Бейшембаевди кармап кетишкен.
Инженер Таалай Бейшембаев ошол эле күнү коё берилип, ал эми директору эки айга камакка алынган. УКМК Next TV социалдык тармактардагы баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын экс-башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар тараткан деп айыптап жатат.