• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Next TV телеканалынын иши боюнча соттук отурум уланууда

28 Жалган куран 2022 15:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалына байланыштуу соттук отурум уланууда.

28-мартта саат 10:0дө Биринчи май райондук сотунда Next TVнын иши каралып, телеканалдын ээси Равшан Жээнбеков менен соттун ортосунда видео жазууга байланыштуу талаш чыккан. Сот Жээнбековду эрежеге бай ийбегени үчүн чыгарып жиберген.

Ал эми 15:00дөн баштап кайра уланып жаткан соттук отурум ачык экени кабарланды, бирок видео, сүрөт тартууга уруксаат бергилген жок.

Эске салсак, 3-мартта УКМК телеканалдын директорун «улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен козголгон иштин негизинде каналдын директору Таалай Дүйшембиевди камакка алган. Тергөө телеканалдын социалдык тармактагы баракчаларында Украинадагы кырдаалдан улам «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам бере турганы» жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган деп эсептейт.

Андан бери каналдын кеңсеси жабык турат, сот журналисттерди иш жайына киришине уруксат берген эмес.

Количество просмотров: 76