Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.
Next TV каналынын журналисти Жоодар Бузумов менен оператору Улан Нурманбетовго ИИМден суракка чакыруу кагазы келди. Бул тууралуу аталган каналдын кызматкерлери кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кой-Ташта болгон окуяга байланыштуу чакырылууда.
Эске салсак, 7-августта кечинде Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийген. Ал ооруканага жеткирилип, операция жасаган дарыгерлерде өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ок жүрөгүн тешип кеткени айтылган.