• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Ника» сыйлыгына «Кентавр» тасмасы көрсөтүлүүдө

9 Жалган куран 20189:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.03.18. Govori.TV
Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Кентавр» тасмасы Россиянын «Ника» сыйлыгына көрсөтүлүп жатканы фестивалдын расмий сайтында жазылды.  «Кентавр» тасмасы «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» категориясында ат салышып жатат. Сыйлык тапшыруу аземи 1-апрель күнү Москва шаарында өтөт.
Ал эми бул Актан Арым Кубаттын россиялык кино сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан биринчи тасмасы эмес. Режиссердун «Свет аке» фильми дагы мыктылардын арасында ат салышкан.
Белгилей кетсек буга чейин «Ника» сыйлыгынын дал ушул категориясы боюнча жеңишке Актан Арым Кубаттын уулу, режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» тасмасы жеткен.
«Ника» сыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттер бирикмеси тарабынан негизделген.
Количество просмотров: 23