• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ниязбеков Бостериде каза болгон жигиттин жакындары менен жолукту

11 Баш оона 2023 12:53 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Ысык-Көлдүн «Алтын кум» пансионатынын жанында каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга Талас облусунун губернатору Нурлан Дарданов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов, аталган башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана күбөлөр катышышты.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков маркумдун жакындарына бул факты ар тараптуу жана объективдүү каралып, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына ИИМдин тергөө, ыкчам, криминалисттик кызматтардын эң тажрыйбалуу кызматкерлери киргендиги жана кошумча күбөлөрдү аныктоо боюнча иштердин жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Улан Ниязбеков маркумдун жакындарынын, ошондой эле күбөлөрдүн пикирин укту. ИИМ башчысы облустук жана райондук милиция тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жаткандыгына ишендирди. Бул иш Кыргыз Республикасынын Президентинин көзөмөлүндө экенин, тергөөнүн ар бир аракети менен жеке таанышып, изилдеп жаткандыгын баса белгиледи. Мындан тышкары, кандайдыр бир шектенүүлөрдү жоюу максатында тергөө амалдарын жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында бардык тергөө процесстери тууралуу туугандарына маалымат берилерин билдирди.

Эске салсак, 23 жаштагы А.Б.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл жана Кара-Буура райондорунун соттук-медициналык экспертиза бюролорунда зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 160