• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ниязбеков Мадумаровду кармоодо атайын даярдыктагы аскерлер тартылбаганын айтты

12 Аяк оона 2023 17:27 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков Адахан Мадумаровду кармоодо милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлери тартылбаганын айтты.

Ниязбеков бул тууралуу депутат Алишер Эрбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирип, андан башка маалымат бере албасын кошумчалады.

«Мадумаровду 13 жашар баласы менен атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери кармап кетти деп жатышат. Сиз азыр андай эмес деп жатасыз. Анда эмне бул жакта кесиптештер туура эмес айтып алыштыбы? Бул ишти атайын кызмат тергеши керек болчу, эмнеге ИИМге өткөрүлүп берилген? Сиз азыр жооп бере албайм деп отурасыз»,-деди депутат.

Сүйүнбек Ниязбеков депутаттын суроолоруна кагаз түрүндө жооп берилерин билдирди.

Количество просмотров: 175