Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Атайын багыттагы аскерлер менен эмне кылышты эл чечет. Мындай пикирин Фарид Ниязов билдирди.
Анын айтымында, барымтага алынган жоокерлердин абалы дурус.
«Атайын багыттагы отряддын жоокерлерин туткундар деп айтууга болбойт, аларды бул жакка жолдоштору таштап кетишти. Алардын бул жакка курал менен келип, ата башташканын унутпашыбыз керек. Алгач желим октор менен башташкан, кийин кадимки октор менен атышты. КСДПнын Саясий кеңеши элден жоокерлерди бошотууну өтүнгөн, бирок алардын талаптары аткарылбагандыктан, кое бербей жатышат. Биринчиден, күч түзүм кызматкерлери дарбазанын сыртында камдуу турушат. Экинчиден, туруктуу байланышты камсыздоону талап кылышкан, аны аткарышкан жок. Үчүнчүдөн, тарапташтар Жээнбековдор Атамбаевди күч менен кармап кетүү планынан баш тартаарына ишенбей турушат», — деди ал.