• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ноокат милициясындагы чыр: Бир катар жетекчилер кызматтан бошотулду

21 Жетинин айы 202417:03 Бишкек Govori.TV

ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринен турган комиссия Ноокат райондук милициясында болгон окуя боюнча текшерүү жүргүзүп чечим кабыл алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымат тартты.

Чечимге ылайык:

  1. Ош ОИИБдин Ноокат РИИБдин К.Асранов атындагы Көк-Жар АМБнын башчысы милициянын майору Абдисатар уулу Темурду ички иштер органдарынан кызматтан бошотулду;
  2. Ноокат РИИБдин башчысы милициянын полковниги Осконалиев Талгат ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
  3. Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле КККнын башчысы милициянын подполковниги Исраилов Алмазбек ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
  4. Ноокат РИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары милициянын подполковниги Абдиев Бактияр ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
  5. Ноокат РИИБдин КККнын уруксат берүү системасы боюнча тескөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Аскар уулу Акжол ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
  6. Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Сатаров Асан ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
  7. Ош ОИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары милициянын полковниги Ахунов Ашырбек кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы берилди;
  8. Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын подполковниги Бекташов Эрнист катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди;
  9. Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары милициянын полковниги Увалиев Нургазы катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди;
  10. Ош ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Бурканов Нурланбекке, катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди.
  11. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКтин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИБнүн башчысы милициянын полковниги Жаманов Улукбекке сөгүш тартиптик жазасы берилди;
  12. Ош ОИИБдин КККнын башчысы милициянын подполковниги Алымов Таалайбекке катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди.

Эске салсак, буга чейин Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери жакында эле өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкан. Алар президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен иштеше албай турганын айтышкан. Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчисин басым-кысымга айыптап, кызматкерлерди уставдан тышкары ар түрдүү иштерге жумшап жатканын билдирген.

Количество просмотров: 441