Бүгүн, 2020-жылдын 22-июлунда Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш-Буркан айылындагы Ак-Сай сел өтүүчү сайына КР ӨКМ тарабынан курулган көпүрөнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу ӨКМ Басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров, Жогорку кеңештин депутаттары Зияиддин Жамалдинов, Махабат Мавлянова, Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын тургундары катышты.
“Көпүрө боюнча кемчилдиктер болсо азыр айтыңыздар, биздин кызматкерлер бир жумада талабыңыздарды аткарат.”, — деди З.Аскаров.
Айта кетсек, буга чейин айылдын элдери өз алдынча каражат топтоп көпүрө куруп келген, тилекке каршы сапаты начар болгондуктан катуу жааган жамгырдан улам сел алып кеткен. Ошондой эле мектеп окуучуларын агызып кеткен учурлар катталган.
Беш-Буркан айылынын тургундары эң маанилүү делген көйгөйү чечилгендиги үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыраазычылыгын билдиришти.
Мындан сырткары министр З.Аскаров Ынтымак айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди жараткан объектилерди жеринен көрүп, аны чечүү үчүн тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берди.