• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ноокат районунда жааган мөндүр турак үйлөрдүн чатырларын талкалады

6 Кулжа 2018 9:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.06.2018. Govori.TV
Ноокат районунда жааган мөндүр 3 турак үйдүн чатырынын шиферлерин талкалады. Бул тууралуу  ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Ноокат районунда 2018-жылдын 5-июнь күнү саат 16:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан-чачын жана мөндүрдүн кесепетинен Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында 3 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген.
Мындан сырткары, мөмө-жемиштерге аз өлчөмдө (алма, өрүк) зыянын тийгизген. Ошондой эле Көтөрмө айылынан өткөн Шамай селканасынан сел суулары аккан. Ал эми  айдоо аянттарына жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жерине чыгып, жааган мөндүрдүн кесепетинен жабыркаган үйлөрдүн санын такташкан.
Бүгүн, 6-июнь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдарын тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
Количество просмотров: 31