Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.
Ноокат районунун Бел-Өрүк айылында 13 жаштагы өспүрүмгө чагылган тийип, каза болду. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 13 жаштагы бала үйдүн короосунда жүргөндө ага чагылган тийген. Натыйжада ал ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген.