• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Ноокатта 5 миң сом пара менен кармалган инспектор айым үй камагына чыгарылды

6 Бештин айы 201911:02 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунда 5 миң сом пара менен кармалган инспектор айым үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, Ноокат райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн старшинасы К.З.нын баш коргоо чарасы кечээ, 5-декабрда Ош шаардык сотунда каралган. К.З.нын 2 жаш баласы бар. Аларды инспектор айым жалгыз тарбиялап келет.

«Ош шаардык соту К.З.нын ден соолугунун начар экендигине байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жаткырылганын жана жашы жете элек эки баласын эске алып үй камагына чыгарды», — деди Бекзат Осмонкулов.

Буга чейин К.З. сурактан кийин ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат айтылган.

3-декабрь күнү күч органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында Ноокат райондук ЖКККБнын кызматкери, милициянын старшинасы З.К. 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаеванын айтымында, З.К. экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгында 10 саат сурак бергенден кийин абалы начарлап, оорукананын кардиология бөлүмүнө жеткирилген.


Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 146