• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ноокатта пара алууга шектелип милиционерлер кармалды

25 Жетинин айы 202410:52 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн бир катар пара алган кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майору А уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган.

Бул факты боюнча алдын ала текшерүүнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы жүргүзгөн. Ошол эле күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) каралган кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 21-22-ноябрь күндөрү Ош облусунун Ноокат районунун ИИБнын беш участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т. кармалган. Ошондой эле Ноокат райондук ИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы М.Н кармалды. Кармалгандардын баарына тең пара алууга шериктеш болгон деген айыбы угузулган. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Соттун чечими менен кармалгандардын баарына бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 146