• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ноокаттагы сел каптаган аймакка ыкчам топ тартылды

18 Теке 202422:12 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 18-июль күнү Ош облусунун Көк-Жар айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен саат 20:15 чамасында Көк-Жар, Борбаш айылына жана Тешик-Таш участкасында сел жүрүп, унаа жолун каптаган. Катуу жааган жаандан Жийде айылында дагы сел жүрүп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 55, 57 жана 63-чакырымдарын каптаган. Жол убактылуу жабылган.

Унаа жолду тазалоого №37 жол тейлөө кызматынан грейдер, жүктөгүч жана айыл аймагыган экскаватор тартылган. Тактоо иштерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

Теги:
Количество просмотров: 281