• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Ноокаттагы сел: Каза болгондордун саны 9га жетти

30 Кулжа 202416:58 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында издөө иштеринин негизинде  жаш баланын сөөгү табылып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда.

ӨКМден кабарлашкандай, селдин кесепетинен жалпысынан каза болгондордун саны 9га жетти.

Бүгүн издөө иштерине кошумча  ӨКМдин ТКККнын  11 куткаруучу тартылган. Жалпы ӨКМден 53 куткаруучу тартылды.  Мындан сырткары КР ИИМнен 120 кызматкер, КР Коргоо министрлигинен 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 150 адам. Жеринде жалпы 373 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 115