Ноокен районунда жашы жете элек кызды зордуктаган кылмышкер изделүүдө.
Жалал-Абад ОИИБнен билдиргендей, 28-январда жергиликтүү жашоочу милицияга кайрылган. Ошол күнү саат 17:00дөр чамасында белгисиз адам кызын зордуктап кеткенин айткан.
“Кыз 10 жашта. Аялдын айтымына караганда, кызды мектептен үйүнө кайтып келе жаткан учурда зордуктаган. 20-25 жаштардагы белгисиз жаран адегенде кызды коркутуп, андан соң күч колдонуу менен зордуктап салган“, – деп белгиленет.
Аталган окуя КЖБРге катталып, “зордуктоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда кылмышка шектүүнүн өздүгүн аныктоо иштери жүрүүдө. Фоторобот түзүлдү.
Таанып-билгендер болсо төмөндөгү номерлерге кабарлап коюңуздар: (03736 102), 0555 00 31 00 анонимдүүлүк сакталат.