• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Ноокенде алдамчылык менен алектенген шектүү кармалды

13 Бирдин айы 2024 16:45 Бишкек Govori.TV

Ноокен милициясы алдамчылык менен алектенген жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-январда Ноокен РИИБге Кочкор-Ата шаарынын жалпы дарыгердик практика борборунун админстрациясынын башчысы М.А. арыз менен кайрылган. Ал арызында 2023-жылдын 14-июль күнү 393 миң 450 сомго күйүүчү май алуу максатында тендер өткөрүп, тендерден ЖЧКлардын бири комиссиянын чечими менен утушка ээ болуп, алардын эсебине 393 миң 450 сом акча которулганын, бирок ушул күнгө чейин ЖЧК ар түрдүү себептерди айтып, күйүүчү майды, же алардын эсебине которулган акчаны кайтаруудан качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул окуя Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары 1991-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Д.К. кармалып, эки айга камакка алынды.

Теги:
Количество просмотров: 96