• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Нооруз күнү коомдук тартипти 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт

20 Жалган куран 2023 15:27 Бишкек Govori.TV

Нооруз майрамынын алдында Ички иштер министрлиги 20-21-март күндөрү жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ноорузду майрамдоого арналган маданий-массалык иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү учурунда милициянын аймактык бөлүктөрү жер-жерлерде  коомдук тартипти камсыздоого, манилүү обьекттерди коргоого жана укукка каршы аракеттерди алдын алууга багытталган уюштуруучулук жана практикалык чараларды көрүшөт. 

Жогорудагыларды эске алуу менен ИИМдин “Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” буйругу чыгып, ага ылайык Нооруз майрамын майрамдоодо коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча масштабдуу иш-чаралардын планы ишке ашырылууда. 

Бул буйрукка ылайык, ички иштер органдарынын өздүк курамы ушул жылдын 20-21-март күндөрү күчөтүлгөн режимде кызматын өтөшөт. Майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Өзгөчө маанилүү обьекттер күчөтүлгөн коргоого алынды. 
Ички иштер органдары тарабынан республиканын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында бир катар кошумча ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп,  укук бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тапшырмаларды аткарууга багытталган чаралар көрүлдү. 

Майрам күнү коомдук тартипти камсыздоого республика боюнча 11 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат. 

Количество просмотров: 81