• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Новиков Орусиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

30 Бештин айы 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Артём Новиков белгилегендей, бүгүнкү күндөгү байланыштардын динамикасы эки өлкө ортосундагы мамилелердин деңгээлин мыкты көрсөтүп турат.

«Ириде өкмөттүн атынан орусиялык тарапка бюджеттик тутумду турукташтырууга 20 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү өз учурунда көрсөтүлгөн финансылык көмөгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кабыл алынган чечим Орусия тарабынан Кыргыз өлкөсүнө көмөк көрсөтүүнү баскычтуу жандандыруу тууралуу үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Москва шаарында жетишилген макулдашуулардын далили болуп саналат. Бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан жарандар алдындагы бардык социалдык төлөмдөр бюджеттик каражат эсебинен толук көлөмдө каржыланды. Орусия тараптын финансылык көмөгү бюджетти колдоого багытталат», — деди ал.

Артём Новиков кошумчалагандай, Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиясынын төрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча «Жол картасынын» долбоорун даярдоо тууралуу макулдашууга жетишилди. Артем Новиков Орусия тарапка «Жол картасынын» даярдалган долбоорун алар тараптан каралып, толуктап чыгуусу үчүн тапшырды.

«2021-жылы «Жол картасына» кол коюлушу өнөр жай кооперациясы жаатындагы долбоорлорду, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн стимул катары, ошондой эле эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатууда маанилүү кадам болооруна ишенем. Келерки 2021-жыл кыргыз-орус мамилелерин чыңдоону улантуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, анын катарында Орусия Федерациясы менен кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган жылдардан болот деп эсептейм. Кыргыз тарап Орусия Федерациясы менен экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр», — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Элчи Николай Удовиченко эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи. Ал Орусия натыйжалуу кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендигине токтолду жана Орусия тараптын «Жол картасы» боюнча толуктоолору өз-ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкка жана гуманитардык долбоорлорду алга жылдырууга негиз болуп берээрине ишеним билдирди.

Эл аралык чартердик каттамдар маселеси боюнча Артем Новиков кыргыз авиакомпаниялары тарабынан Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы буйругуна ылайык, коронавирус инфекциясынын (ПЦР-тест) жоктугу тууралуу маалымдама тууралуу талаптардын милдеттүү түрдө аткарылышын эске алуу менен, Орусия Федерациясына кирүүгө негиз болгон учурда жүргүнчүлөрдү эки тараптуу ташуучу чартердик каттамдарды аткаруусу үчүн орусиялык штабдын уруксаатын алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчүн билдирди. Ошондой эле кыргыз тарап маалымдагандай, Кыргыз өкмөтү тарабынан өлкөдө товарларды маркировкалоо жана көзөмөлдөө тутумун киргизүү боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоору жактырылып, ага кол коюлду, ал дипломатиялык каналдар боюнча Орусия тарапка кол коюуга жөнөтүлмөкчү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын катарында темир жол байланышын активдештирүү, коронавирус инфекциясынан вакциналарды сертификатташтыруу жана камсыздоо маселеси жана эки өлкөнүн тармактык ведомстволору ортосундагы COVID-19 диагностикалоо жана дарылоо боюнча мындан аркы кызматташтык маселеси талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жаңы жыл майрамына байланыштуу куттуктоолорун билдиришти

Количество просмотров: 66