• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Новиков: Президент жана ЖК депутаттарынын 2021-жылдагы шайлоолоруна болжол менен 853 млн сом кетет

25 Жетинин айы 202016:21 Бишкек Govori.TV

Президент жана ЖК депутаттарынын 2021-жылдагы шайлоолоруна болжол менен 853 млн сом кетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын бюджетинин долбоорунда бул каражаттар каралган эмес. Себеби, президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турган болсо, парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн.

Ал аталган шайлоолорго кете турган каражаттардын булактары кийинки жыйындарда айтыларын белгиледи.

Количество просмотров: 56