• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Новосибирск шаарынан бүгүн 176 кыргызстандык учуп келет 

22 Чын куран 2020 14:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Новосибирск (Россия Федерациясы) шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Кубатбек Боронов баса белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар Россия Федерациясынан жана Түркиядан мекендештерибиздин жакын арада келишине толук даярдык көрүүлөрү керек.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамын ишке ашыруу пландалууда.

«350 кыргызстандыктын келиши күтүлүп жатат. Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырыла», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 61