• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Новосибирскиде Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

24 Үчтүн айы 2019 15:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу түзүлдү.

Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык Новосибирск шаарындагы Башкы консулдук округу Россиянын  Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыйт. Ошол эле учурда жогоруда аталган аймактар Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун консулдук округунан чыгарылып, Екатеринбург шаарындагы аталган Башкы консулдуктун филиалы — Новосибирск шаарындагы Вице-консулдугу жабылды.

Башкы консулдукту ачуунун максаты – Россиянын региондору менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы жарандарын консулдук тейлөө максатында түзүлдү.

Количество просмотров: 19