Ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу эмгек жана өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан жалпы өлкөдө эс алуу күнү болуп жарыяланган. Ал эми 9-10-ноябрь ишемби жана жекшемби күнүнө туура келет.
Эске салсак, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 2017-жылдан тарта белгиленип келет.