• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

НТС каналы «Секреты власти» көрсөтүүсүн эфирден эмнеге алып салды?

20 Кулжа 201910:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.

НТС телеканалы «Секреты власти» аталышындагы көрсөтүүнү үзгүлтүккө учуратып, эфирден алып салды. Бул туурасында көрсөтүүнүн алып баруучусу Бермет Букашева өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, көрсөтүүнүн бул жолку коногу саясатчы Азимбек Бекназаров болгон. Анда журналист өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жана Раим Матраимовдун ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болгонун айткан.

https://www.facebook.com/bermet.bukasheva/posts/2496569060394751

Ал эми НТСтин башкы директору Миржан Балыбаев алып баруучунун жазган билдирүусүнө жооп берди.

«Мен НТСтин башкы директору катары кабыл алган, тагыраагы көрсөтүүнү эфирге бербей койгонум тууралуу чечимди туура деп эсептейм. Себеби, маектин 26-мүнөтүнөн тарта Бекназаров тарабынан тастыкталбаган оор күнөөлөрдү айрым адамдарга карата айтып жатканы болду. Ал айыптар сот тарабынан аныкталган эмес, андыктан далили жок оор кылмыш күнөөлөрдүн айтылуусун биз эфирден бере албайбыз»,-деп жазган Балыбаев.

https://www.facebook.com/mirzhan.balybaev/posts/1100509703476968
Количество просмотров: 20