• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Нукус окуялары боюнча 2 каракалпакстандык активист сыртынан соттолду

10 Бугу 2023 15:48 Бишкек Govori.TV

«Алга Каракалпакстан» партиясынын Норвегияда жашаган лидери Аманбай Сагидуллаев менен Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Ниетбай Уразбаев Нукус окуяларына байланыштуу сыртынан соттолушту.

Каракалпакстан сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы чыгарган өкүмгө ылайык, Сагидуллаев 18 жылга, Уразбаев 12 жылга эркинен ажыратылды.

«Алга Каракалпакстандын» лидери «Өзбекстандын президентин ачык кемсинтүү же жалаа жабуу», «Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо», «Талап-тоноочулук менен коштолгон жапырт башаламандыкты уюштуруу» жана «Коомдук коопсуздукка коркунуч алып келген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот өкүмүнө ылайык, ал 18 жылдык жаза мөөнөтүнүн эки жылын түрмөдө, калганын жалпы режимдеги абакта өткөрөт. Мындан тышкары Аманбай Сагидуллаевдин интернеттеги баракчалары менен каналдары бөгөттөлгөн.

Ниетбай Уразбаев «Бийликти басып алуу үчүн кутум уюштуруу», «Зомбулук, талап-тоноочулук менен коштолгон жапырт башаламандыктарды уюштуруу» жана «Коомдук коопсуздукка коркунуч алып келген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Активисттердин иши боюнча сот жараяны быйыл марттын аягында башталган. Айыпталуучулар өлкө сыртында болгондуктан алар сот отурумдарына катышкан жок.

Количество просмотров: 53