• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Нур-Баткен» футбол клубунун 2 оюнчусу жол кырсыгынан каза болду

21 Үчтүн айы 202214:20 Бишкек Govori.TV

«Нур-Баткен» футболдук клубунун эки оюнчусу Асадбек Алимов жана Жахонгир Махмудов каза болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан (КФС) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-январь күнү Баткенден Ошко келе жаткан автоунаа кырсыкка учурап, анын кесепетинен 2 оюнчу каза болгон.

«Кыргыз футбол союзу маркумдардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 128