• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Нур-Султанда монстрация өткөрмөк болгон жаштарга айыппул салынды

26 Баш оона 201918:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

25-августта Нур-Султанда полиция монстрация – жапырт көркөм акция өткөрмөк болгон ондогон улан-кыздарды кармап кетти. Акимчилик акция өткөрүүгө уруксат алынбаганын белгиледи.

Болбой калган акциянын катышуучулары Есил райондук полиция бөлүмүнө жеткирилген. Аларга карата “Коомдук тартипти камсыздоого катышкан адамдын мыйзамдуу талабына багынбоо” беренеси боюнча протокол толтурулган. Айрымдарына айыппул салынган. “Кахарман” укук коргоо кыймылынын өкүлү Алия Избасарованын айтымында, активисттердин бири өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген.

Алия Избасарова билдиргендей, жарандык активисттер плакаттардан тышкары уйлардын костюму менен “Эки уй өлкөнү сактап калууга даяр” деген жазуусу бар баннер даярдашкан. Полиция аларды жана башка буюмдарды алып койгон.

Активисттер бийликтин бул аракетине каршы арызданууга ниеттенишүүдө.

Прокурор Айдан Омаров кармалган кишилер бошотулганын, полицияда бир гана жигит калганын маалымдады.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев 21-августта бийликтеги “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин жыйынында, мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жаткан жарандарды сынга алып, жемелеген. Экс-президент элге «уй багып, сүтүн сатып, үй-бүлөңдү бак деп» билдирген. Бул сөз казак коомчулугунда нааразылык жараткан.

Количество просмотров: 12