Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.
Нур-Султан шаарында жатаканадан өрт чыгып айрым жашоочулары терезеден секирүүгө мажбур болушкан. Бул тууралуу интернетте видеосу тараган.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 26 киши, анын ичинде 14 бала ууланып, ооруканага кайрылды.
Айрымдары кичинекей ымыркайларын да терезе аркылуу куткаруучуларга беришкен.
Эске салсак, 2-май күнү таңкы саат 10:30да Байкоңур районундагы беш кабаттуу жатаканадан өрт чыкканы тууралуу өрт кызматына билдирүү түшкөн. Куткаруучулар 32 кишини, анын ичинде 28 баланы өрттөнгөн имараттын ичинен алып чыккан. Жатаканадан 350 киши өз алдынча чыгууга үлгүргөн.