• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Нурлан Насип «Мадам» атуу ырын уурдап алганбы?

26 Бирдин айы 2019 14:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV

Ырчы Нурлан Насиптин жаңы ыры интернет колдонуучуларынын арасында катуу сынга алынууда. Интернет колдонуучулар анын жаңы ырдап чыккан «Мадам» аттуу ырын өзбек тилинен которуп алгандыгын айтууда.

Пикир калтыргандардын айрымдары ырдын автору ким экенин да айтууга жетишти. Ал өзбек ырчысы Бобур Пирматов экенин жазып жатышат.

Нурлан Насип бул тууралуу өзүнүн оюн билдире элек. Анын күйөрмандары бул боюнча түшүндүрмөсүнө кызыктар экенин белгилешүүдө.

Булак: Барометр

Количество просмотров: 16