Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.
Ырчы түгөйлөр Нурлан Насип жана Асель Кадырбекова кызы Дарияга 16-июнь күнү жээнтек той берет.
Бул тууралуу ырчы Нурлан Насип: “Токтогулдан, Оштон жолдун алыстыгына карабай кызыбызды көрүп келгендер болууда. Андыктан калың элден бата алып, кызыбызга жентек той өткөрүүнү туура көрдүк. Тойго бардык шоу бизнес өкүлдөрү чакырылды”, – деп билдирген.
Эскерте кетсек, шоу-бизнесиндеги көрүнүктүү түгөйлөр Нурлан Насип жана Асель Кадырбекова март айынын аягында кыздуу болушкан.