Бишкек.23.08.2019.Govori.TV
Швейцариянын «Bilan» журналы Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин экинчи кызы — Динара белгилүү «Бельрив» хан сарайын сатып алганын жазды. Бул сарайдын мурунку ээси — азыркы исамилиттер дүйнөсүнүн лидери Шах Карим ал-Хусейн Ага Хандын тууганы канзаада Садруддин Ага Хан болгон.
Хан сарай Женеванын айланасында жайгашкан. Ошондой эле Швейцариянын улуттук мурастар тизмесине киргизилген.
Маалыматтар боюнча Динара Кулибаева аны 62 млн франкка (63 млн доллардын тегереги) сатып алган. Мындан үч жыл мурун бул сарай сатыкка коюлуп, биринчи баасы 120 млн франкты түзгөн.