• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Нышанов: КСДП чырынын чекити 10-апрелден кийин коюлат

2 Чын куран 201910:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2019.Govori.TV.

КСДПнын чырынын чекити 10-апрелден кийин коюлат. Мындай пикирин ЖК депутаты Сайдулла Нышанов «Govori.TV» агенттигине билдирди.

«Парламентте олтурган кайсы бир фракция болбосун өздөрү чечим кабыл алат, сырттан туруп багыт берип же болбосо басым көрсөткөн туура эмес. Ал эми КСДПнын 3-6-апрелдеги боло турган съезддердин аягы менен ушу 10-апрелге барып чекит коюлат деп ойлойм. Азыр алар жыйынтык чыгара турган чечимди кабыл алуусу керек. Ким ким менен жана ким жакта»,- деди эл өкүлү.

Эске салсак, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 6-апрелде партиянын кезектеги XVIII съезди өтөрүн айткан.

Ошол эле кезде «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын төрагасы Сагынбек Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын кезексиз XVIII съезди болорун жана ал «КСДП тазалануу жана жаңылануу жолунда» деген ураан менен өтөрүн жарыялады.

Марттын башында парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДПнын XVIII курултайы 3-апрелде өтөрүн билдирген.

Количество просмотров: 22