• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нышанов: Маселе «Кумтөрдө» эмес, чиновниктерде…

3 Кулжа 2021 16:18 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, Канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан чиновниктердин жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралышы керек.

«Кумтөр» кени ишке киргенден бери Кыргызстан 10 пайыздын тегерегинде гана алтын алат. Ал эми дүйнөдө мындай келишим жок. Маселе «Кумтөрдө» эмес, биздин чиновниктерде экен. Аткаминерлердин канча сомго сатыларын чет элдик компания билип алган. Кимдин кандай күнөөсү бар экенин билбейм, бирок мамлекеттик комиссиянын бизге айтып берген кабарлары бар. Мисалы, айрым аткаминерле 10 миллион доллардан кем эмес каражатка сатылышкан. Эгер ошол маалыматтар тастыкталса, бул маселени сөзсүз аягына чыгарыш керек. Азыркы бийликтин мүмкүнчүлүгү бар, эл колдоп турат. Күнөлүүлөр жооп берип, маселеге чекит коюу зарыл»,-деди Нышанов.

Количество просмотров: 161