Бишкек шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жанданып, кайрадан автотыгын пайда болду. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов фейсбук баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, Абдрахманов менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгыны жаралган.
Жарандык активист жолдорду оңдоо, калыбына келтирүү иштерин карантин учурунда жүргүзүш керек болчу деген пикирин айтып, шаардын мэрине кайрылуу жасады.
Белгилей кетсек, 25-майдан тарта өлкөдө коомдук транспорттордун иши жанданды.
Карантин шартында автобустарда жана троллейбустарда эл ташууга жана жүрүүгө бир топ талаптар коюлууда.