Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.
Украинанын Одесса шаарында мыйзамсыз кылмыштуу топко мүчө деп шек саналып кармалган жаран Ош шаарында туулган. Бул тууралуу маалыматты КРдин Украинадагы элчилиги билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 1995-жылы туулган Т.К. аттуу шектүүнүн жарандыгы текшерилип жатат
«Азыркы учурда КРдин Украинадагы элчилиги жана Украинанын тийиштүү органдары тарабынан аталган жарандын иши иликтенип жатат»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Украинанын Одесса шаарында мыйзамсыз кылмыштуу топко мүчө деп шек саналган кыргызстандык жаран кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган. Ага ылайык, 20-августта Түркиядан учак менен 24 жаштагы кыргыз жараны Одессага учуп келген.
Аэропортто текшерүү учурунда анын куралдуу кылмыштуу топтун мүчөсү катары Интерполдун тизмесине киргени аныкталган. Кылмышка шектүү эки жылдан бери Кыргызстанда издөөдө жүргөн. Учурда кармалган келин Украинанын Улуттук полициясына өткөрүлүп берилди