• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Ойноп жүрүп бели сынат». Ташиев Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын айтты

10 Үчтүн айы 2024 12:41 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин кайрылуусу тараган » KG Group» компаниясынын башчысы Имамидин Ташовдун билдирүүсү тууралуу маалымат берди.

Ташиевдин айтымында, учурда Имамидин Ташовго издөө жарыяланды.

«Кечинде анын кайрылуусун көрдүм. Анда ал «52 млн кассага төлөтүштү, андан сырткары 100 миллион сом чөнтөккө төлөйсүң» деди деп айтып жатат. Ташов 52 миллионду бизге эмес, Бишкекке келтирилген зыян үчүн төгүп берди. Ал эми 100 млн боюнча, аны УКМКнын кызматкерлери сурады деп жатат. Анын олтурган жериндеги жаздырууларда, Ташов Тилекмат Күренов менен экөө пландары тууралуу сүйлөшүп жатканы бар. Бүгүн биз Имамидин Ташовго издөө жарыяладык, ал азыр бекинип, качып жүрөт, биз аны барыбир кармайбыз. Мамлекетте төңкөрүш уюштурууга даярданганы үчүн», — деди Ташиев.

Эске салсак, кечээ KG Групп компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов өткөн жылдын декабрь айында камакка алынганынын айрым чоо-жайын айтып, видеокайрылуу жасаган. Анда ал бюджетке 52 миллион сом төлөп, бошотулганын айткан.

Ошондой эле ал кайрылуусунда андан сол чөнтөккө деп дагы 100 миллион сом талап кылышканын айткан.

Количество просмотров: 283