Бүгүн, 15-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын Октябрь окуялары боюнча соттук отурум өттү.
Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн судья тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 283-беренесинин талабына ылайык, иштин соттук териштирүү мөөнөтү жана айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү узартылды.
«Айыпталуучу А.Ш.Атамбаевдин жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 2022-жылдын 18-апрель күнүнө саат 10:00гө жылдырылды»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2020-жылдагы Октярбрь окуяларына байланыштуу жазык кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жениш Молдокматовго айып тагылган.