• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Сот Next TV телеканалынын ишин жабык карап жатат

22 Жалган куран 2022 10:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын иши жабык эшик артында каралып жатат.

Тергөөчү отурумду жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирди. Натыйжада судья Чыңгыз Бердимуратов сот процессинин ачык өтүшүнө, журналисттер катышып, аудио, видеого жаздырууга уруксат берген жок.

Каналдын жетекчилиги 3-марттан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

Белгилей кетсек, 3-мартта УКМК Next TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев менен эфирдик инженери Таалай Бейшембаевди кармап кетишкен.

Инженер Таалай Бейшембаев ошол эле күнү коё берилип, ал эми директору эки айга камакка алынган. УКМК Next TV социалдык тармактардагы баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын экс-башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар тараткан деп айыптап жатат.

Количество просмотров: 96