• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сот Next TV телеканалын жабуу сунушун четке какты

29 Жалган куран 2022 16:42 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Next TV жарыялаган маалыматты экстремисттик деп таануу тууралуу прокуратуранын арызын канаттандырды.

Бирок сот Башкы прокуратуранын телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчүн четке какты.

Эске салсак, 3-мартта УКМК Next TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев камакка алынган. Ага аталган телеканалдын социалдык барактары аркылуу Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген кабар жайгаштырганы себеп болгон. Прокурор каналдын ишмердигин «экстремисттик» деп табууга да мына ушул окуя негиз экенин билдирген.

25 күндөн бери каналдын кеңсеси жабык турат, сот кызматкерлердин иш жайына киришине уруксат бере элек.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине басым катары баалап жатат. Ал эми президенттин басма сөз кызматы маалыматтарды таратууда этият болууну жана эрежелерди сактоо керектигин билдирген.

Количество просмотров: 173